Рим католик чиркөөсүнүн адыйы Франциск Пасха майрамына байланыштуу жасаган кайрылуусунда дүйнөдөгү “маанисиз жаңжалдарды” токтотууга үндөдү. Ватикандын башчысы Ирандын ядролук программасы боюнча бакубат державалар жана Тегеран арасында жетишилген келишим дүйнөнүн коопсуз болуусу үчүн ташталган акыркы кадам болот деп алкады. Папа динзарларды Кениянын Гарисс университетине жасалган чабуулда өлгөн 150 адам жана Ливияда “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары өлтүргөн египеттик 21 копт христиан үчүн бата кылууга чакырып, Йемен менен Украинада да тезирээк тынчтык орношун тиледи.
Кениядагы Гарисс университетине “аш-Шабаб” экстремистчил тобу чабуул койгон.