Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Фейсбукта жихадка үндөгөн жаран чек арачы экени айтылууда


Фейсбук социалдык тармагы аркылуу кыргызстандыктарды жихадка үндөгөн жаран Жалал-Абаддагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат кылып жаткан болушу мүмкүн. Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын адистери анын ордун аныктаганы тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Милициянын божомолуна ылайык, шектүүнүн аккаунтун башка бирөө пайдаланып экстремисттик чакырык жазган болушу да ыктымал. Иликтөөнүн толук жыйынтыгы 7-апрелде чыгат. Бул жаатта Мамлекеттик чек ара кызматы да териштирүү жүргүзүп жатат.

4-апрель күнү 20-24 жаштардагы жигит фейсбуктагы жеке баракчасына Кыргызстандагы азыркы башкарууну жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоп жатканын жазган. Анын айтымында, учурда алты киши топтолгон, алардын төртөө балдар үйүндө чоңойгон. (SE)

XS
SM
MD
LG