Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Чыгыш Украинада дагы алты аскер катардан чыкты


Донбасстагы аскерий кырдаалды мүнөздөгөн орусиялык карта. 6-апрель 2015
Донбасстагы аскерий кырдаалды мүнөздөгөн орусиялык карта. 6-апрель 2015

Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, аскер автомобили 5-апрелде Счастье шаарчасындагы көпүрөдөн өтүп баратканда ракета тийип, төрт аскер өлгөн. Счастье шаарчасы - жикчилдердин ээлигиндеги Донецк шаарынан 170 км түндүк чыгышта жайгашкан. Украин тарап ракета чабуулу үчүн орусиячыл козголоңчуларды күнөөлөдү. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. Мариуполь шаарынын чыгыш тарбында аскерлер түшкөн автомобиль жарылып, эки аскер набыт кетти.

Жикчилдердин "Луганск элдик республикасынын" маалымдоо борбору алардын аскерлеринин чабуулга тиешеси жок экенин билдирди.

Украин антитеррордук борборунун маалымдашынча, набыт болгон төрт жоокер тең армияга Харьков облусунан чакырылган экен.

XS
SM
MD
LG