Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Сирия: "Ал-Каиданын" мүчөлөрү 40 күрт эркекти уурдап кетишти


Сириядагы “ал-Каиданын” канаты 40 күрт эркекти уурдап кетти. Бул жөнүндө Сириянын түндүк батышындагы Кобани райондук бийлигинин өкүлү Идрис Насан 6-апрелде билдирди. Африн шаарчасында жашаган күрт эркектер 5-апрелде кечке жуук Алеппо жана Дамаск шаарларынан кайтып келатышкан.

Күрт демократтык биримдик партиясынын өкүлү Неваф Халилдин билдиришинче, беш автобус Идлиб провинциясындагы Дана бекетинин жанында токтотулуп, согушкерлер эркектерди зордоп алып кетишкен. Аялдар менен балдарга тийишкен эмес. Идлиб провинциясынын айрым бөлүгү “ал-Каиданын” Сириядагы бучкагы “ал-Наср майданы” тобунун кол астында.

XS
SM
MD
LG