Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Лейлекте сел жүрдү

Райондун Ак-Суу айыл аймагында кечээ кечке жуук мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Сел Чоюнчу айылында беш үйдү каптап, алты баш бодо малды агызып кеткен. Ошондой эле Жар-Кыштак айылын да сел каптады. Ош-Исфана-Кулунду автожолунун Ак-Кум айылынын тушу сел агызып келген кум-ташка толуп калып, автоунаа кыймылына кыйынчылык жаралган. Жолду аймактагы 13-ДЭУнун грейдери тазалап, учурда кыймыл кайра жанданды.

Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча сел келтирген чыгымдар эсептелип жатат.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG