Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:12

Өкмөт башчы парламентте Кумтөр боюнча маалымат берет

Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Кумтөр долбоору боюнча быйыл 26-февралда берилген тапшырманын аткарылышы тууралуу баяндама жасайт. Өкмөт башчы аталган комитеттин демилгеси менен чакырылганын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир айдын ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүү тапшырмасын берген.

Кумтөрдө үлүштөрү 50/50% бөлүнгөн биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. (SE)

XS
SM
MD
LG