Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Мамытов: Кумтөрдүн запасын кайра карап чыгуу керек


Кумтөрдүн жумушчулары.
Кумтөрдүн жумушчулары.

Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы Кумтөрдөгү алтындын запасы 49,8 пайызга азайганын билдиргендиктен, кенди кайра изилдеп чыгуу керек. Учурда өндүрүш 21 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн парламентте “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, изилдөө иштерине байланыштуу Кумтөрдө тең үлүштүү ишкана түптөө келишимин түзүү жараяны дагы созулат.

Өткөн жылдын соңунда Кумтөр ишканасы өндүрүш өскөнүн билдирген болчу.

Бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Кумтөр долбооруна байланыштуу быйыл февралда берилген тапшырманын аткарылышы тууралуу маалымат берип жатат.

Жогорку Кеңеш депутаттары 26-февралдагы жыйында өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу жөнүндө мыйзамды алып келүү тапшырмасын берген.

Кумтөрдө үлүшү теңме-тең бөлүнгөн биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG