Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Орусия мигранттарга сынакты татаалдантат


Орусияда даярдалган жаңы мыйзамга ылайык, быйыл июль айынан баштап, экзамендердин шарты катуулайт. Орусияда иштөө үчүн зарыл болгон тестте мигранттар мурдагыдай 900 эмес, 1250 сөздү билерин көрсөтүш керек. Ошондой эле саясатташтырылган бир нече суроолор кошулат. Анын ичинде «Крым Орусияга 2014-жылы кошулган» деп жооп бербесе, сынактан өтпөй калышы мүмкүн. Орусия эл аралык мыйзамды бузуп, Крымды Украинадан былтыр март айында бөлүп кеткен. Мигранттар ошондой эле «Иосиф Сталин Улуу Ата Мекендик согушта СССРди жеңишине жеткирген» деп айтууга тийиш. (JcH)

XS
SM
MD
LG