Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Орусияда атомдук кемеде өрт чыкты


Мамлекеттик РИА агенттиги аты аталбаган тартип коргоо булагына шилтеме берип билдиргендей, атомдук кубат менен иштеген суу астында сүзүүчү кемеде өрт чыкты. Кеме Ыраакы Чыгыштагы Архангелск аймагындагы кеме токтотулуучу жайда тургандыгы айтылды. Жапа тарткандар тууралуу кабарланган жок. РИА жана ТАСС агенттиктери жазгандай, Северодвинск портундагы Звездочка кеме оңдоо жайында ремонт мезгилинде чыккан өрт 20 чарчы метр жерди каптады. ТАСС кемеде курал болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG