"Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүздү. Атаган уюмдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, мониторингдин жыйынтыгы келерки аптада жарыяланат.
Парламент боюнча байкоо 2011-жылдын январь айынан тарта 2014-жылдын декабрына чейинки мезгил аралыгын камтыйт.
"Демократия жана жарандык коом үчүн" уюмунун белгилешинче, мониторинг кыргыз парламентинин ишин жакшыртууга багытталган.
Жогорку Кеңештин 2010-жылы шайланган азыркы курамынын мөөнөтү быйыл күзүндө аяктайт. (RK)