Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Тажикстан калкынын 83% сырттагы мигранттар салган акчага жашайт

Орусияда курулушта иштеген тажик мигранты
Орусияда курулушта иштеген тажик мигранты

БУУнун Өнүктүрүү программасы бүгүн Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө адам өнүгүүсү боюнча улуттук отчетун жарыялады.

“Тажикстан: Адам өнүгүүсүнө багытталган ресурстардын жеткиликтүүлүгү” деген отчетте өлкө калкынын 83% чет жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттары салган каражат менен күн көрөрү жазылган. Алардын дээрлик баары акчаны келечекке сактабай, дароо коротууга мажбур.

Басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенген мигранттардан 2014-жылы Тажикстанга 3 миллиард 800 миллион доллар акча которулган.

Расмий маалымат боюнча Орусиядагы тажик эмгек мигранттарынын саны бир миллиондон ашат. 

XS
SM
MD
LG