Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Өзбек жараны кыргыз чек арачыларынын үстүнөн “Азаттыкка” даттанды


Өзбекстандын атын атагысы келбеген жараны Сох анклавынан чыга бериштеги Кадамжай өткөрүү пунктундагы шартка нааразы болуп “Азаттык” радиосуна даттанды. Ал чек арадагы кезек күтүү жарандарга түйшүк жаратып жатканын билдирди:

- Чек арадан өтүш үчүн үч жарым саат убакыт коротуп жатабыз. Ферганага барып кайра келатканда дагы ошончо убакыт кетет. Бүгүн, 8-апрелде жаанга карабай, өткөрүү пунктунун эки жагында 50дөн ашуун киши топтолуп турат. Биз Өзбекстандын башка аймактарына катташыбыз керек. Кезек күтүп отургандар арасында ооруп, бейтапканага бараткандар да бар,- дейт коңшу өлкөнүн атуулу.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул маалымат текшерилип, жооп берилерин маалымдады.

Өзбекстандын Сох анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүнү эки мамлекет жарандары тең көйгөй катары айтып келишет. Кыргызстандыктар коңшү өлкө чек арачыларынын оройлугуна, ашыкча текшерүүлөргө нааразы болушат. (SE)

XS
SM
MD
LG