Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Ооганстан: эл аралык күчтөрдүн бир аскери өлтүрүлдү


Ооганстандагы АКШ аскерлери
Ооганстандагы АКШ аскерлери

НАТО билдиргендей, өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясындагы ооган аскерлери менен коалициялык күчтөрдүн жоокерлеринин ортосундагы атышуудан бир чет элдик аскер набыт кетти. Билдирүүдө анын жарандыгы көрсөтүлгөн эмес. Жергиликтүү бийликтин айтымында, атышууга катышкандар америкалыктар.

Нангархардын полиция бөлүмүнүн башчысы Вазел Ахмад Шерзаддын айтымында, кандуу окуя АКШ элчисинин провинциянын борбору Жалал-Абадга жасаган сапары аяктаган соң болгон.

- Элчиликтин өкүлдөрү Кабулга кетишкен, аларды узаткан чет элдик аскерлер Ооган улуттук армиясынын он өкүлүнүн коштоосунда аэропорттон кайтып келатышкан. Ооган аскерлеринин бири америкалык жоокерлерге ок чыгарды, алар жооп кайтырып, атышуу башталды. Ок чыгарган аскер мерт кетти дагы экөө жарадар болду. Бул окуяда жарадар болгон америкалыктардын так санын айта албайм, - деди Вазель Ахмад Шерзад.

Ушундай эле окуя январь айында болгон. Анда ооган аскери атайын контракт менен кызмат өтөп жүргөн АКШ жарандарын атып өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG