Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Грекия Орусиядан каржылык жардам сураган жок


Орусия президенти Владимир Путин жана Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас. 08.4.2015.
Орусия президенти Владимир Путин жана Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас. 08.4.2015.

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин бүгүн Москвада Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас менен болгон жолугушуудан соң билдирди.

Президент Путин Орусия Грекияга эки өлкө ортосундагы долбоорлордун алкагында насыя берүүгө даяр жана эгерде расмий Афина экономикада менчиктештирүү жүрүмүн баштаса, анда Москва ага сөзсүз катыша тургандыгын айтты.

Орус лидери өткөн жылы Евробиримдик менен Москванын бири-бирине каршы кабыл алган санкцияларынан улам эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 40% азайып кеткенин кошумчалады.

Мурдараак гректер каржы кризисинен чыгууда Орусия альтернативдүү каржы булагы катары болжолдонуп жатканын айткан.

Ципрастын солчул радикал "Сириза" партиясы жыл башындагы парламенттик шайлоодо өкмөттүн чыгымдарын үнөмдөө саясатына каршы программасы менен жеңип чыккан.

XS
SM
MD
LG