Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Жолдордун начарлыгынан үч айдын ичинде 313 жол кырсыгы болгон


Кыргызстанда акыркы үч айда жолдун талапка жооп бербегенинен жана жол белгилеринин жоктугунан улам 313 авто кырсык катталды. Бул тууралуу “Азаттыка” Жол кайгуул башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мухтар Сандыбаев билдирди. Муну менен бирге Сандыбаев өлкө аймагындагы жолдорго 53707 жол белги керек болсо, анын 13288 коюла элегин айтты. Илинип тургандардын ичинен 13153 жол белги алмаштырууга муктаж.

Ал эми автоунаа көп катталган Бишкек шаарында 11210 жол белгилери болуш керек болсо, учурда 6930 жол белгиси бар. Баш калаага беш миңге чукул жол белги жетишпейт. Илинип тургандардын арасынан 3105 жол белгиси эскирип бүткөн.(ZA)

XS
SM
MD
LG