Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Алмазбек Атамбаев Европарламенттин делегациясын кабыл алды


8-апрелде болгон жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробиримдик институттарынын ортосундагы кызматташуу, мындан ары түрдүү багыттарда биргелешип иш алып баруунун келечеги талкууланды.

Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин өкүлдөрү менен аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу да пикир алмашты. Ошондой эле президенттин Европа союзуна жана анын институттарына жасаган сапарынын жыйынтыктары, Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен сүйлөшүүсүнүн натыйжалары тууралуу сөз болду.

“Бизди Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин абдан ыкчам өнүгүшү кубандырат”, - деп белгилеген Ивета Григуле. Ал Европарламент делегациясы Кыргызстан тарабынан ишке ашырылып жаткан көп векторлуу тышкы саясатты кубаттарын кошумчалады.

Өз кезегинде мамлекет башчысы Кыргызстан менен Европа союзунун мамилесин мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеп, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун, ошондой эле түрдүү деңгээлде туруктуу байланышты улантуу зарыл экендигин белгиледи.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG