Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 34 жаштагы Гүлайым Абдылдаева төрт эм төрөдү. Бүгүн, 9-апрель күнү саат 10:40та жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын баары эркек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, балдардын салмагы 1 кг 700 граммдан 2 кг 500 граммга чейин.
Эненин да, ымыркайлардын да абалы жакшы. Төрөгөн айым буга чейин үч баланын энеси болчу.
2013-жылы борбор калаадагы №4 төрөт үйүндө да бир аял төрт эм төрөгөн. (SE)