"Дүйшөн Ирсалиевдин билдирүүсү өкмөттүн "Центерранын" директорлор кеңешинин курамын алмаштыруу планына кедергисин тийгизди", - деп билдирди бүгүн журналисттерге премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчынын айтымында, "Ирсалиев ачыкка чыгарган тизмедеги чет өлкөлүк жети жаран миноритардык акционерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, "Центеррадагы" менеджментти өзгөртүүнү ишке ашырмак".
Мамлекеттик мүлк фондунун кызматынан убактылуу четтетилген жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев "Центерранын" директорлор кеңешине тандалып жаткан адамдар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошуна ишенбестигин кечээ билдирген. Ирсалиев ушундан улам өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев сунуштаган чет элдик жарандардын талапкерлигин "Центерранын" директорлор кеңешине киргизүүдөн баш тартканын маалымдаган. (KJ/RK)