Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Москвада Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугу талкууланды


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев Орусия ФСБсынын Чек ара кызматынын башчысы Владимир Кулишов менен Москвада жолугуп, Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин, чек ара көйгөйүн талкуулады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 8-апрелдеги жолугушууда мыйзамсыз миграция жана аткезчиликтен сырткары аймактагы эң кооптуу абал терроризм экени айтылды.

Тараптар чек ара коопсуздугун бекемдөөдө КМШ мамлекеттери жана ШКУга мүчө өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты дагы да бекемдөө зарыл болуп турганын белгилешти. (SE)

XS
SM
MD
LG