Мындай тапшырма Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда парламенттеги көпчүлүк коалицияга тапшырылды. Өкмөт башчы бүгүн депутаттардын алдында Кыргызстан "Центеррадан" чыкпашы керектигин айтып, Кумтөр маселеси боюнча долбоорду азыркы бойдон калтырууну, "Центеррадагы" менеджментти Кыргызстандын пайдасына ылайык өзгөртүүнү сунуштаган. Коалиция бул сунушту карап чыккан соң, Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнө ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө боюнча токтом кабыл алмакчы.
Бүгүнкү отурумда көпчүлүк коалициянын башчысы премьер-министрдин сунушу менен макул экендиги айтылып, бирок бул депутаттардын каршылыгына кабылган. Айрым депутаттар башкаруу коалициясына ишеним көрсөтпөөнү сунуштап, алардын тарап кетүүсүн талап кылышты.(ZKo)