Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Ислам Каримовдун инаугурациясы 10-апрелде өтөт


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов.

Бул тууралуу 9-апрелде Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Каримов 29-мартта өткөн президенттик шайлоодо калктын токсон пайыз добушу менен жеңишке жеткен.

Ушуну менен Ислам Каримов төртүнчү жолу такка отурат.

Ислам Каримов 1989-жылы ошол кездеги Советтик Өзбекстандын жетекчиси болуп дайындалган.

Өлкө көз карандысыздык алган 1991-жылдан бери үч ирет президенттик шайлоону жеңип, 1995 жана 2002-жылдары өз бийлигин референдум аркылуу узартып алган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовго чыныгы атаандаштык болбогонун, добуш берүүнү жүрүшүндө бир топ кемчиликтер байкалганын белгилеп, сынга алган.

Эл аралык уюмдар Өзбекстанда өткөрүлгөн парламенттик же президенттик шайлоо болобу, эч качан демократиялык, эркин жана калыс өттү деп сыпаттаган эмес.

XS
SM
MD
LG