Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Бүгүн Жогорку Кеңеш алдында өкмөттүн отставкасын талап кылган митинг болот


Иш-чараны "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси уюштурууда. Нааразычылык акциясында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетүүсү, стратегиялык тармак болгон тоо-кен тармагынын директорлор кеңешине талапкерлерди элдик люстрациядан өткөрүү талап кылынат. Бул тууралуу “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинен “Азаттыкка” блдиришти.

Аталган коомдук бирикме кечээ кыргыз элине кайрылуу жасаган. Анда “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине жети чет өлкөлүк жарандын өкмөт башчысы тарабынан сунушталуусу Жоомарт Оторбаевдин ишине шек жаратары айтылган. Ошондой эле кайрылуу ээлери "Центерранын" жаңы планында алтындын кору 48 тоннага азайтылып жазылуусун кылмыш деп эсептөөнү, “Центерра голддун” директорлор кеңешинен чет элдик жарандарды алып салууну, Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөн Ирсалиевди кайра кызматына коюуну талап кылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG