Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Парламент алдында “Шок-факт” деген аталышта пикет болот


Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдына “Шок-факт” деген аталыштагы пикетке чыгат. Анда укук коргоочу парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровдун мындан он жети жыл мурун кыз зордуктоого катышы бардыгын тыкыр иликтөөнү талап кылмакчы. Ал депутат мандатын тапшырууга тийиш деп эсептейт.

“Искра” гезити жаңы санында Зулпукаров 1997-жылы милиция кызматкери болуп иштеп турган кезде мас абалында үч таанышы менен кыз зордуктоо боюнча айыпталып, кылмыш иш козголгонун жазып чыккан эле.

Вице-спикер гезиттин бул маалыматын жокко чыгарып, шайлоо алдындагы каралоо деп билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG