Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Дайынсыз экени айтылган оппозиционерлер Жалал-Абадда болуп чыкты


Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, түндөгү кол салуу учурунда аларды белгисиз бирөөлөр сүйрөп, үйдөн алып чыгып, “жашоо керек болсо, бул жерден кетип калгыла” деп коркутушкан:

- Өмүрүбүздүн коопсуздугун сактоо үчүн түнү менен Бектур Асанов, Улукбек Маматаев менен чогуу Жалал-Абадга такси менен келдик, жолдо үч такси алмаштырдык

Ош шаарындагы кечээги кол салуу, Курултайды болтурбоо аракети тууралуу УОК бүгүн билдирүү жасамакчы.

Кечээ Ош шаарынын чок ортосунда оппозиционерлер конокто отурган үйгө белгисиз бирөөлөр бастырып кирип, кол салышкан. УОКтун лидерлери Бектур Асанов, Улукбек Маматаев менен Кубанычбек Кадыровду белгисиз жакка алып кетишкенин кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Келдибаев “Азаттыкка” билдирген эле.

УОК 11-апрелде Жалал-Абадда Элдик курултай өткөрүүгө даярданып жаткан.

Милиция бул окуя боюнча бүгүн комментарий берери айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG