Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

“Росинбанктын” Кочкор-Атадагы кызматкерине эл аралык издөө жарыяланды


Аталган банктын Кочкор-Ата шаарындагы филиалында бөлүм башчы болуп иштеп кеткен Акмат Мырзакматовго Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы эл аралык издөө жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мырзакматов 2010-жылдан 2014-жылдын жай айына чейин “Росинбанкта” иштеген учурда 6 жарандын документтерин жасалма жол менен тууралап, 900 миң сомдон ашуун аманат акчаны зыянга учураткан. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, шаардык сотко өткөрүлүп берилди. (RsK)

XS
SM
MD
LG