Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Нарында Апрель баатырларынын иши иликтенүүдө


Нарын облусунун эки тургунунун үстүнөн 2010-жылдагы Апрель окуясына байланыштуу “мыйзамсыз компенсация алган” деген негиз менен иликтөө жүрүп жатат. Мурдараак дагы бир киши мыйзамсыз компенсация алганы сотто аныкталган. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Беш жыл мурунку бийлик алмашууда Нарын шаарынан жарадар болгон 48 кишиге Убактылуу өкмөттүн токтомуна ылайык социалдык өнүгүү башкармалыгы 50 миң сомдон, оор жаракат алган 3 кишиге 100 миң сомдон компенсация берген. Кийинчерээк майып болуп калган 10 киши документтери текшерилгенден соң өкмөттөн 700 миң сомдон алышкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG