Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Нарында өз агасынын өлүмүнө шектүү жаран кармалды


Нарындын Кочкор айылынын 29 жаштагы тургуну 37 жаштагы бир тууган агасынын өлүмүнө шектелүүдө. Кочкор райондук Ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуя февраль айында болгон.

Тергөө материалдарында ага-ини ортосунда үй-бүлөлүк талаш чоң чатакка айланып кеткени жазылган. Ачууга алдырган иниси бир тууганын бычактап койгон деп шектелүүдө.

Жабыркаган жаран ооруканада көз жумган. Маркумдун иниси жакында колго түштү, учурда ал милициянын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө жүрүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG