Польшанын мамлекет башчысы жана бир катар жогорку кызматкерлери каза тапкан Орусиядагы авиакырсыкка бүгүн 5 жыл толду.
2010-жылдын 10-апрелинде Смоленск шаарынын жанынан учуп баратып кырсыкка учураган Польшанын учагында президент Лех Качиньский жубайы менен жана жүзгө жакын польшалык саясатчы, мамлекеттик ишмер, журналист бараткан болчу. Алардын бири да аман калган эмес.
Делегация Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Катыньда атылган польшалык офицерлерди эскерүү иш-чарасына катышып, кайра үйүнө кайтып бараткан болчу.
Кырсыктын себептери али күнчө аныктала элек. 27-мартта польшалык прокурорлор орусиялык эки авиадиспетчерге айып тагылганы жатканын билдирген болчу.