Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:05

Борис Немцов өлтүрүлгөн жердеги элдик мемориал кайра жок кылынды. Өткөн түнү ал жерде Орусиянын Туусу эле калып, гүл, шам жана сүрөттөрдүн баары алынып салынган.

Чоң Москва дарыясындагы көпүрөнүн үстүн тазалоо аракетин "Гормост" ишканасы шаршемби күнү жасаган, бирок аларга волонтерлер тоскоолдук кылган. Бирок эртеси күнү «SERB орус куткаруу кыймылы» деп аталган уюмдун өкүлдөрү «Бул жерде Борис Немцов өлтүрүлгөн» деген жазууну жана гүлдөрдүн жарымын алып, Туудагы кара тасманын ордуна Георгий тасмасын илип кетишкен болчу.

​Орусиядагы негизги оппозиционер Борис Немцов 28-февралда өлтүрүлгөн. Көптөгөн серепчилер муну бийликтин буюртмасы деп атаган. Бирок Кремль окуяга эч тиешеси жоктугун айткан. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG