Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Согушта дайынсыз кеткен 72 кыргызстандыктын мүрзөсү табылды


Экинчи Дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн жарандар
Экинчи Дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн жарандар

“Жеңиштин ысымдары” акциясынын алкагында Экинчи Дүйнөлүк согушта дайынсыз кеткен 72 кыргызстандыктын мүрзөлөрү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” издөө иштерин жүргүзүп жаткан "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Сөөк көмүлгөн жерлер Орусия, Германия, Украина, Беларус жана Польша аймактарынан табылган.

Согушта дайынсыз жоголуп, эми гана мүрзөсү табылган кишилердин аты-жөнүн билгиси келгендер 0312 69-41-59 телефонуна чалып же zpress.kg@mail.ru дарегине кат жазып, жооп алса болот.

“Жеңиштин ысымдары” деп аталган мөөнөтсүз акция активист Каныбек Мырзакановдун демилгеси жана “Замандаштын” колдоосу менен өткөн айда башталган. Аларга Орусия, Украина, Польша, Чехия жана Беларустагы мекендештер көмөк көрсөтүүдө.

Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 130 миңи курман болгон. “Замандаш” уюмунун маалыматы боюнча 5 миңдейи дайынсыз жоголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG