Астана шаарына Казакстандын ар кайсы аймактарынан келген ондогон адамдар төрт күндөн бери президент Назарбаев менен жолугушууну талап кылышууда.
Алар төлөө акысы кескин көтөрүлүп кетти дешип, үй куруу үчүн алган насыясын төлөөгө өкмөт жардам берсин деген талапты коюшууда. Полиция 10-апрелде аларга азык-түлүк алып келаткан машиненин жолун бууп, өткөрбөй койду.
Казак акчасы теңге 2014-жылдын февралынан бери 20% арзандады. Бересеси барлар Нурсултан Назарбаевден насыяларды төлөө маселесин 26-апрелде болчу президенттик шайлоого чейин чечип берүүнү суранышууда.(АУ)