Бул тууралуу Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын өкүлү Татьяна Дмитриева кыргыз диаспорасы менен жолугушууда маалымдады. Маалыматка ылайык, Орусияга келген чет элдик жаран миграциялык баракчасында өлкөгө кирүү максатын "жумуш", үй-бүлө мүчөлөрү “жеке максат” деп көрсөтүшү керек.
- Эгерде үй-бүлөдөн бир адам Орусияда эмгек келишиминин негизинде иштесе, анын аялы же күйөөсү жана балдары бул жакта ээн-эркин жүрө алат, - деди Татьяна Дмитриева.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 9-майдан тарта толук мүчө болот. Ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген бул интеграциялык союзду түзүү келишимине Орусия, Беларус жана Казакстан өткөн жылы майда кол коюшкан. (LzT)