Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Ош: Элвира Капарованын үстүнөн арыз түштү


Элвира Капарова чечип алган номерлер. Ош шаары.
Элвира Капарова чечип алган номерлер. Ош шаары.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлерин коноктогон Ош облустук милициясынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаровдун кызы Элвира Капарова автоунаа номурларын тартып алган деп милицияга арыз түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ИИБнин башчысы Кылычбек Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, 9-апрелдин түнүндө үйүндө тополоң болгон Абдылда Капаровдун кызы Элвира Капарова ызы-чуу аяктагандан кийин үйдөн чыгып, көчөдө турган унаалардын айдоочуларын сөгүп, эки машиненин номурун чечип алган. Унаасынын номурун алдыртып койгон жаран Ош шаарынын Алиев көчөсүндөгү досунун үйүнө конокко келгенин, окуяга тиешеси жоктугун айтууда.

Кечээ, 11-апрелде Капаровдун үйүнө өздөрүн милиция кызматкерибиз дап тааныштырган эки киши келип, аларга таандык автоунаа номурларын кайтарып берүүнү сурап жатканына “Азаттыктын” кабарчысы күбө болгон.

УОКтун лидерлерин коноктоп жаткан учурда белгисиз адамдар бастырып кирип, аларды токмоктогону жана конокторун алып чыгып кеткени боюнча үй ээси Абдылда Капаров милицияга ошол түнү арыз жазган. Бирок ал арыз боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек. (YI)

XS
SM
MD
LG