Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Мушкер Азат Үсөналиев WSB беттешинде Алжир атаандашын утту


Кыргыз мушкери Азат Үсөналиев "Украина атамандары" командасынын курамында Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) кезектеги беттешинде Алжир атаандашын жеңди. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, беттеш 10-апрелде Киев шаарынын борбордук спорт ордосунда болгон. 52 килограмм салмак даражасында Азат Үсөналиев Алжирдин "Чөлдүн алгыр куштары" командасынын өкүлү Абдел Хаким Эл Барко менен күч сынашып, 3:0 эсебинде (50:44,50:45,50:45) утуп алган.

Азаттын ишенимдүү жеңишин кошкондо бул күнү "Украина атамандары" "Чөлдүн алгыр куштарын" 5:0 эсеби менен утуп, маанилүү жеңишти камсыздашты. Буга чейин украиналык команда Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонунун акыркы беттештеринде катары менен утулуп плей-оффко чыкпай калуу коркунучу жаралган эле.

Ушуну менен Азат Үсөналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 5-сезонунда төрт жолу беттешке чыгып үчүнчү жолу жеңишке ээ болду. Буга чейин “Британиянын арстан жүрөктөрү” жаатынын өкүлү, Дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2011), Европанын чемпиону (2011) Эндрю Селбини жана “Кытайдын ажыдаарлары” жаатынын мушкери Ху Жиангуанды уткан. Бир беттеште орусиялык мушкер Василий Веткинге жеңилген. Азия чемпиону Азат Үсөналиев 2014-жылдан бери "Украина атамандары" жаатынын курамында жарым профессионалдык Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын беттештерине чыгып келет. (EcH)

XS
SM
MD
LG