Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Барак Обама менен Рауль Кастро Панамада жолукту


АКШ президенти Барак Обама жана Куба мамлекеттик кеңешинин төрагасы Рауль Кастро Америка континентиндеги мамлекеттердин саммити алкагында Панамада жолукту. Алар кечээ, 11-апрелде саммит ачылышында кол алышып учурашышкан. Бул эки өлкө лидеринин 1959-жылдан берки алгачкы кездешүүсү болду.

Обама тарыхый деп баа берген жолугушуу бир саатча сүрдү. Өлкө лидерлери эки өлкөнүн мындан аркы алакасын талкууга алышты. АКШ президенти кандай болгон күндө да коммунисттиик өлкө болгон Кубада демократия жана адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү сындай берерин ачык айтты. Кастро өз кезегинде Кубага карата АКШнын экономикалык эмбаргосун алып салууну өтүндү.

Жолугушуу соңунда Обама Кубаны террористтердин демөөрчүлөрү деген тизмеден чыгаруу боюнча дагы ойлоно тургандыгын кошумчалады.

Барак Обама менен Руаль Кастро 2014-жылдын соңунда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул эки өлкө лидерлери ортосунда акыркы 50 жылдагы алгачкы сүйлөшүү болгон.

XS
SM
MD
LG