Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Жумгалда балмуздакка ууланган өспүрүмдүн абалы дурус


Балмуздакка ууланып, ооруканага түшкөн 10 жаштагы Үмөтбек уулу Нурмамбеттин абалы жакшырып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нурманбеттин апасы Миргүл Жумалиева билдирди.

Анын айтымында, уулу 9-апрелде базардан балмуздак алып жегенден кийин ичи чыдатпай ооруп, аймактык ооруканага кайрылган.

Жумгал райондук оорукананын дарыгери Мурат Акунбаевдин айтымында, бейтапта уулануунун белгилери билинген жана эки күндүк дарылоодон кийин ден соолугу калыбына келген.

Буга чейин “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси балмуздак чыгарган “Шин лайн” ишканасын текшерүүгө алып, мөөнөтү өткөн балмуздактарды сатып жатат деп айыптап чыккан. (MiK)

XS
SM
MD
LG