Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Жогорку Кеңеште экономиканын күңгөй-тескейи талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргызстандын экономикасынын күңгөй-тескейин талдаган парламенттик угуу болот. Аны Бюджет жана каржы комитети уюштурууда. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы билдирди.

Талкууда экономика министри Темир Сариев социалдык-экономикалык өнүгүүнүн 2015-жылдын январь-март айларындагы жыйынтыгын айтып берет. Ушул өңүттөгү анализин Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков да сунуштайт. Ал эми Улуттук банктын төрагасынын орунбасары Нурбек Жеңиш валюта саясатындагы абалды ортого салат. Андан сырткары, Ольга Лаврова мамлекеттин карызы тууралуу баяндама жасайт. Белгилей кетели, Лаврова өткөн жумада каржы министри кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG