Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 07:06

УКМК тараткан маалыматка ылайык, 9-апрелде баңгизаттарды ташыган топтун төрт мүчөсү кармалды. Бул кылмыштуу топ ири өлчөмдөгү маңзатты аткезчилик жол менен ташуу жана белгиленген жерге жеткирип берүү ишин аткарып келген. Машинасын тинтүү маалында жалпысынан 175 кг. 200 грамм баңгизат табылган. Кылмыш кодексинин “аткезчилик”, “маңзатты мыйзамсыз ташуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кармалган жарандардын башка топторго байланышы бар-жогу такталып, тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG