Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Саудиянын министри Пакистанга келди


Саудиянын диний иштер боюнча министри Салех бин Абдул –Азиз бин Мохаммад ал-Шейхтин Исламабадга сапары Пакистан парламенти Эр-Рияддын Йемендеги аскерий интервенцияны колдоо сунушун четке каккан учурга туш келүүдө.

Пакистан парламенти Йеменде Саудия баштаган аскерий өнөктүккө кошулуу жөнүндөгү өтүнүчтү 10-апрелде четке каккан эле.

Пакистан парламентинин бул чечими расмий Эр–Рияддын Йемендеги хусит согушкерлерине каршы күрөшкө араб дүйнөсүндөгү суннит өлкөлөрүнөн башкалардан да чоң колдоо алуу үмүтүн өчүргөндөй болду. Хусит согушкерлеринин Иран менен алакасы бар экени айтылып жүрөт.

Саудия министринин алдында, өткөн аптада Пакистанга Ирандын тышкы иштер министри келип кеткен. Тегеран Исламабадды аскер жөнөткөндүн ордуна, Йемендеги диалогду колдоого чакырган болчу.

Саудия баштаган коалиция Йеменде, хусит согушкерлеринин турумдарына абадан сокку урууну 26-мартта баштаган. (UE)

XS
SM
MD
LG