Эстон президенти Тоомас Ильвес британдык Daily Telegraph гезитиндеги интервьюсунда билдиргендей, анын өлкөсү Орусиянын коркунучу астында калгандардын бири, андыктан Эстонияда НАТО аскерлери көбүрөөк санда жана туруктуу негизде жайгаштырылуусу зарыл.
Учурда Эстонияда НАТОдон болгону АКШнын гана 150 жоокери бар жана алар да туруктуу эмес негизде.
Орусиянын жакында Эстония менен чек арадагы аскерий машыгуулары Европада тынчызданууларды жараткан болчу.
НАТО мурдараак Орусия жараткан коркунучка жооп иретинде 5000 аскерден турган ыкчам аракеттенүүчү күч куроону жана алты командалык борбор түзүп, анын бирин Эстонияда жайгаштырууну убада кылган. Эстония НАТОго 2004-жылы кошулган. (UE)