Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Берлинде Украина боюнча сүйлөшүүлөр өтөт


Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу келишими кандай аткарылып жатканына баа берилүүсү керек. Берлинге немец, француз, орус жана украин тышкы иштер министрлери чогулууда.

Жыйынды утурлай анын конок ээси, немец тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер Москва менен Киевди Минск келишимин аткарууда алга жылып, эми кийинки этапка киришүүгө чакырды.

Минск келишиминде Киевдеги борбордук бийлик менен Луганск жана Донецк облустарынын бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн жикчилердин алака-катышын жөнгөрүү шарттары да каралган. Бирок келишимдин ушул бөлүгүнүн аткарылышы азырынча күмөн саноолорду жаратууда.

Ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда Минскте жетишилген келишим Украиананын чыгышында урушту басаңдатты. Бирок ал утур-утур бузулуп жатканы да кабарланып келет. Былтыр жазда тутанган жаңжаал андан бери 6000ден ашуун кишинин өмүрүн алды. (UE)

XS
SM
MD
LG