Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Немистердин эң атактуу жазуучусу дүйнөдөн өттү


Гүнтер Грасс. 20-ноябрь, 2014-жыл.
Гүнтер Грасс. 20-ноябрь, 2014-жыл.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Гүнтер Грасс бүгүн 87 жаш курагында, Любек шаарынын ооруканасында дүйнөдөн өттү.

Грасс дүйнөлүк окурман коомчулугуна нацисттик Германиядагы абалды сүрөттөгөн алгачкы “Темир барабан” романы 1959-жылы жарык көргөн соң таанымал болгон эле.

Окурмандар Грассты Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда өскөн, нацисттердин кылмыштары үчүн күнөөнүн оор жүгүн тарткан муундун добушу катары кабылдаган.

Анын белгилүү эмгектеринин арасында “Мышык - чычкан” (“Кошки –мышки”) романы да бар.

Грасска адабият жаатындагы Нобель сыйлыгы 1999-жылы ыйгарылган.

Немистердин атактуу жазуучусунун өмүрүнүн кийинки жылдары анын нацисттик доор кезиндеги өзүнүн ролуна байланышкан жаңжалдар, Израилге карата туруму боюнча карама-каршылыктар менен да коштолду.(UE)

XS
SM
MD
LG