Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Казакстанда суу ташкынынан улам миңдеген киши эвакуацияланды


Сел каптаган Абай районунун Саржал айылы. 13-апрель, 2015-жыл.
Сел каптаган Абай районунун Саржал айылы. 13-апрель, 2015-жыл.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн Акмола, Чыгыш Казакстан, Павлодар, Караганды облустарын көздөй кеткен ири жана майда жолдордун көбү жабылды.

Суу баскан ондогон кыштак –шаарчалардан миңдеген тургундар коопсуз аймакка чыгарылды. Селден өзгөчө Караганда облусу жабыр тартты.

Суу ташкынга Түштүк –Казакстан облусунун айрым аймактары да кабылган. Табигый кырсыкка күндүн тез ысып кеткени себеп болгону айтылып жатат. Мындан улам суу толгон дарыялар нугунан чыгып кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG