Жоолук тууралуу жоолукчандар эмне дейт?
Кыргызстанда хижаб кийген аялдар менен кыздардын саны өсүүдө. Ошол эле мезгилде хижаб кийип, мусулманча жоолук салынып жүргөндөрдү жактырбагандар да аз эмес. Жоолук маселесинин коомдук талкууга айлануусуна жоолукчан кыздар өздөрү кандай ойдо? Берүүнүн коноктору Ademi.kg интернет журналынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Калича Жаманкулова, журналист Перизат Кыргызбаева жана Бишкектеги №17 кесиптик лицейдин мугалими Жумайым Ибрагимова.