Орусия Иранга С-300 үлгүсүндөгү ракеталык системаларды сатууга киргизилген чектөөнү жойгонун Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мари Харф “конструктивдүү эмес” кадам деп атады.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнесттин айтымында, АКШнын бул маселе боюнча камтамачылыгын Мамлекеттик катчы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон сүйлөшүүсүндө жеткирди.
Жош Эрнест белгилегендей, Москванын кадамы Иранга каршы санкцияларды анын өзөктүк программасы боюнча жыйынтык макулдашуунун алкагында жоюу пландарын үзгүлтүккө учуратуусу мүмкүн.
Анткени сүйлөшүүлөрдүн ийгилиги үчүн биримдик жана координация чечүүчү мааниге ээ.
Орусия Иранга С-300 үлгүсүндөгү ракеталык системаларды сатууга чектөөнү 2010-жылы Батыштын кысымы астында киргизип, Тегеран менен мурда түзүлгөн келишимин үзгөн эле.
Эми ал чектөө Иран дүйнөнүн алты державасы, анын ичинде Орусия менен өзөктүк программасына байланышкан талашты жөнгөрүү боюнча келишимдин негизги жоболорун макулдашкандан эки аптадан кийин жоюлуп жатат.
Орусиянын бул кадамы Израилдин нааразылыгын жаратты.
Расмий Тел-Авив буга чейин Москваны Тегеранга С-300 үлгүсүндөгү ракеталык системаларды сатпоого чакырып келген.
Путиндин дүйшөмбүдөгү жардыгы Тегерандын өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим жетишилип, ага каршы киргизилген санкциялар жоюлган учур үчүн Москванын Ирандагы турумун чыңдоо мүдөөсү болушу мүмкүн.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын кадамы БУУнун чечимдерине каршы келбесин жана Иранга С-300 комплекстеринин берилиши Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө, анын ичинде Израилге коркунуч туудурбасын белгиледи. (UE)