Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Ат-Башыда акысыз медициналык кароо өттү


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Ат-Башы районундагы Казыбек жана Ача-Кайыңды айылынын тургундары акысыз медициналык кароодон өтүштү. Өнөктүк Бириккен Араб Эмираттарынын Life кайрымдуулук уюмунун жана “Шаржа” кайрымдуулук бирикмесинин каржылык көмөгү менен ишке ашып, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери эки күн элдин саламаттыгын текшеришти.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Жылдыз Ишеналиева билдиргендей, жарандардын 80% жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркары аныкталды. Медициналык кароонун жыйынтыгы жакында өкмөткө жөнөтүлөт. 

Life уюму 2014-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын айыл жерлеринде акысыз медициналык кароо уюштуруп келет. (MiK)

 

XS
SM
MD
LG