Вашингтон федералдык соту Иракта карапайым 14 кишини өлтүргөнү үчүн Blackwater күзөт компаниясынын мурдагы кызматкери Николас Слэттенди өмүр бою эркинен ажыратты. Дагы үч кызматкер - Дастин Херд, Эван Либерти жана Пол Слоу 30 жылга камалды. Сот өкүмү 13-апрелде чыкты.
2007-жылы Багдаддагы Нисар аянтында алар америкалык кортежге жол ачуу максатында элге ок аткан. Натыйжада, 14 адам өлүп, 17си жараат алган болчу. (SE)