Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Алайда унаа күйүп, эки адам каза болду


14-апрелде түнкү саат 02:51де Ош облусунун Алай районундагы Ош-Гүлчө унаа жолунун 70-чакырымында “ХОВО” үлгүсүндөгү 40 тонналык бензин ташуучу автоунаа кулап, күйүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруучулары барып, төрт саат дегенде өрттү толугу менен өчүрүүгө жетишкен.

Кырсыктын кесепетинен автоунаанын ичинде күйүп кеткен белгисиз 2 адамдын денеси табылган. Алардын аты-жөнү такталууда. Май ташуучу унаанын күйүп кетишине жол кырсыгы себеп болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG