Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Ирактын премьери Вашингтондон аскердик жардам сурамакчы


Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади бүгүн Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен жолугушат.

Маалыматтарга караганда, премьер “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы күрөшүү үчүн аскердик колдоо сурайт деп күтүлүүдө. Сентябрда бийликке келгендер бери Ак Үйгө алгачкы визит жасаган Абади сапарынын алдында АКШ баштаган коалициянын аба соккуларын көбөйттүрүүнү жана курал-жарак жагынан жардам алууну көздөөрүн айткан. Багдаддын өкүлү пилотсуз учактарды сатып алуу үчүн миллиарддаган доллар сурашы мүмкүн. Бирок аналитиктер Конгресстин бюджетти чектөөсүнөн улам, Обама бардык эле өтүнүчтөргө оң жооп бербеши мүмкүн дешет.

Визиттин алдында эле Пентагон “Ислам мамлекетинин” согушкерлери өз турумдарынан чегинүүгө аргасыз болуп жатканын билдирген. Бирок Ирактын ири бөлүгү, анын ичинде өлкөнүн экинчи чоң шаары Мосул экстремисттердин колунда кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG