Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Аялга ок чыгарган милиция өзүн атып салды


Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын өкүлү Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, окуя 12-апрелде катталган. Өзгөн райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери, Мырза-Аке айылынын 1993-жылы туулган тургуну өзүнүн 42 жаштагы кошунасын атып салган. Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкери Кара-Кулжа районунда жайгашкан банктардын биринде күзөттө турган жеринен милдетин аткаруудан баш тартып, кетип калган.

Ал "ТТ" үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен келинди тамагына атып, андан соң өзүн башка аткан. Ушул эле күнү милиционер ооруканада көз жумган. Ал эми ок жеген аял ооруканада. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, окуяга экөөнүн ортосунда начар мамиле себеп болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG